• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

С.Жээнбеков жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Өкмөт 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда. 1-2-июнда эки күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жумуш сапарынын биринчи күнүндө Өкмөт башчы Ысык-Көл районундагы Балыкчы-Корумду автожолунун курулуш менен таанышып, аймагына мугалимдерге ден-соолукту чыңдоочу комплекс курула турган «Асыл» пансионатына барат.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылындагы орто мектептин ачылышына катышып, Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораторияга барат.

2-июнда Өкмөт башчы Каракол шаарына барып, ички жолдордун абалы менен таанышып, «Ак-Булак» сүттү кайра иштетүүчү ишканын ишмердүүлүгүн көрөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Пристань-Пржевальск айылындагы жээктерди тосуу иштеринин жүрүшү, суу тундурманын курулушу, ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы суу жээгин бекемдөө иштерин көрөт.

Пикир

Оставить комментарий