• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

С.Жээнбековго оппозиция эч айып кое албайт, ошондуктан жөнсүз асылууларга барып жатышат – коомдук ишмер

Коом 0

Бишкек, 21-май /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Эч кандай интрига жана коррупциялык чууларга аралашпаган КСДП партиясы тарабынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков анын оппоненттери үчүн ыңгайсыз талапкер. Мындай пикири менен коомдук ишмер Жыпар Жекшеев бөлүштү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго оппозициялык багыттагы жарандардын жөнсүз асылуулары КСДП партиясы аны алдыдагы президенттик шайлоолорго талапкер катары көрсөткөндөн кийин башталды.

Жекшеев оппозициянын аракеттерин Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтагы кеңири тажрыйбасында коррупциялык жана башка чууларга аралаштыгы жоктугунан оппозиция үчүн ыңгайсыз талапкер экендиги менен түшүндүрөт.

“Бул интригалар аны рейтингин төмөндөтүү жана нейтрализациялаштыруу үчүн жасалууда. Себеби, алар шайлоодо утулуп калуудан коркушат. Анын тажрыйбасы чоң, ал иштин көзүн билет, кандайдыр бир интрига жана коррупциялык чууларга катыштыгы болгон эмес. Оппозиция ага эч айып кое албайт. Ошондуктан, анын партиядагы рейтингин төмөндөтүү үчүн ушундай асылууларга барып жатышат”,- деп түшүндүрдү Ж.Жекшеев.

Жыпар Жекшеев бул көпчүлүк өлкөлөрдө кездешкен шайлоо алдындагы кадыресе көрүнүш экендигин белгилейт.

“Бул Кыргызстанга эле мүнөздүү болбогон, дээрлик бардык демократиялык режимдеги өлкөлөрдө колдонулган саясий технология. Мында талапкерди кандай да болсо артка тартуучу компроматтар жана башка фактылар чыгат. Биз мунун баарын кечээ жакында эле өткөн АКШ жана Франциядагы шайлоолордо көрдүк. Каршылаш тараптар бири-биринин кычыгына тийүүгө аракет кылышат”, - деди Ж.Жекшеев.

“Албетте, президент ким болорун убакыт көрсөтөт. Кайсы бир партия башкасынан күчтүү деп айтуу кыйын. Бирок, азыркы партиялардын арасында КСДПнын чоң тажрыйбасы бар жана калктын көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосуна ээ”, -деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий