• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

С.Жумабеков Чикагодо травматология жана ортопедия жаатында “2020-жылдын мыкты окумуштуусу” аталды

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Академик Сабырбек Жумабековго травматология жана ортопедия жаатында “2020-жылдын мыкты окумуштуусу” наамы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Чикагодогу эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борборунун (International Achievements Research Center) тандоо комитети алдыңкы илимий интернет-басылмаларынын, илимий-популярдуу басылмаларды мониторинг кылуу, академиялык чөйрөнүн жана башка окумуштуулардын өкүлдөрүнүн сунуштамаларына контент-анализ ыкмасы менен изилдөө жүргүзгөн. Сынак дүйнөдөгү бардык окумуштуулар, инженерлер, изилдөөчүлөр жана жаңычыл адамдар үчүн ачык. Сынакка кандайдыр бир деңгээлде илимий жетишкендиги бар ар бир адам катыша алат.

Маалым болгондой, сынакка эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борборунун эксперттери жана өнөктөштөрү тарабынан дүйнөнүн булуң-бурчунан беделдүү өкүлдөр катышат.

Маалыматка ылайык, клиникалык жана эксперименталдык травматология жана ортопедия жаатындагы фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөргө кошкон салымын, жарыяланган жана алынган патенттеринин санын, доктордук жана кандидаттык диссертация алуудагы ийгиликтерин, илимий конференцияларга жана долбоорлорго катышуусун, илимий чөйрөдөгү лидерлигин, улуттук жана эл аралык сыйлыктарын эске алуу менен Сабырбек Жумабековго травматология жана ортопедия жаатында “2020-жылдын мыкты окумуштуусу” наамы берилди.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүгө эл аралык сертификат (диплом) жана уюмдун эмблемасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий