• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

СA-NEWS: Путин кыздары жана үй-бүлөлүк мамилелери жөнүндө айтып берди

Дүйнө 0

СA-NEWS (CA): Америкалык режиссер Оливер Стоун Россиянын президенти Владимир Путин жөнүндө төрт сериялуу даректүү тасма тарткан. Стоунга берген маегинде Владимир Путин эки кызы тууралуу айтып берди. Тасманын үзүндүсүн ShowTime телеканалы көрсөткөн.

РФ Президентинин айтымында, анын кыздары саясатка аралашкан эмес, ири ишкерлик менен алектенишпейт. “Алар илим жана билим чөйрөсүндө иштешет. Үй-бүлөлүү, баарыбыз жолугуп турабыз”,- деди президент.

Үй-бүлөлүк мамиле туурасында суроого Россиянын президенти, айрым учурларда кыздары, күйөө балдары менен түшүнбөстүктөр болоорун белгиледи. Ал эми Стоундун, Путин мындай учурларда алар менен талашабы? деген суроосуна, президент балдары менен айрым маселелерде ар кандай көз караштар болуп калаарын, бирок алар талашып-тартышпай, маселени талкуулашаарын айткан.

Режиссёрдун “Путин балдардан жолу бар экен” деген сөзүнө президент “Мен алар менен сыймыктанам!”,- деп билдирген.

Ошондой эле, В. Путин бул маекте биринчи жолу неберелери жөнүндө айтып берген. Режиссер менен болгон маекте ал, неберелери менен жолугушуп, алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүү өтө сейрек болоорун, айткан. Ошондой эле, неберелери менен тилекке каршы, өтө сейрек ойной тургандыгын белгилеген.

Путин ата-энесин, айрыкча ишканада механик болуп иштеген атасын эскерди. Ал атасы согушту атайын кызматтарда баштаганын, андан кийин аны Ленинград фронтундагы эң коркунучтуу аймакка жөнөтүшкөнүн айтып берди.

“Мен алардын көптөн күткөн баласы болчумун. Алар мага чейин эки баласын жоготкон. Биринен согуш учурунда, Ленинград курчоодо калганда айрылышкан”,- деди президент.

Өзүнүн жаш кезин эстеп, көп учурда көчөдө, короодо жүргөнүн кошумчалады. “Дзюдо менен машыга баштагандан тартып, менин жашоом жакшы жакка өзгөрө баштады. Мен Ленинграддагы мектепти аяктап, дароо эле Ленинград университетинин юридика факультетине тапшыргам”,- деди ал.

МККга жумушка киргени боюнча эскерип: “Советтер доорунда жогорку окуу жайларында жайгаштыруу системасы болгон. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөр, сени каяка жиберсе ошол жакка барып иштешиң керек болчу. Мени МККга бөлүштү. Юридика факультетине, МККда иштегим келген үчүн тапшыргам”, - деди Путин.

Владимир Путин жана Оливер Стоун эки жылдан бери бир нече маек курушту. Алардын негизинде америкалык режиссер “Путин менен интервью” деген даректүү тасма жараткан. Режиссердун айтымында, ал Россия президенти менен болгону төрт жолу кезиккен.

Россиянын “Биринчи каналы” тасманы көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алып, аны 19-22 июнга чейин саат 21:30да көрсөтөт.

Булагы: СA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий