• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Саакашвили суракка келүүдөн баш тартты

Дүйнө 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун мурдагы губернатору, “Жаңы күчтөр кыймылынын ” лидери Михаил Саакашвили Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш иши боюнча суракка келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Украинская правда" кабарлоодо.

Кыймылдын маалымат катчысы Марьяна Почтар Саакашвили эч кандай процессуалдык документтерди албаганын жана кол койбогонун билдирди. Анын айтымында, 6-декабрда Саакашвили брифинг өткөрүп, абалды юристтер менен талкуулайт.

Шейшембиде Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко Жогорку Радада сүйлөп жатып, полиция тарабынан кармалып, тарапташтары тарабынан бошотулган Саакашвилинин “качкын”макамы бар экенин айткан. Луценко эгер Саакашвили 24 сааттын ичинде өзү багынып бербесе, тартип коргоо органдары аны кармоо үчүн бардыгын кылууга даярдыгын белгилеген.

Бүгүн Саакашвилиге издөө жарыяланды. Полиция саясатчынын тарапташтарынын Жогорку Раданын жанында орнотулган чатырларына чабуул жасоо аракетин көрдү. Мындан соң Саакашвили Украина президенти Петр Порошенкого кайрылып, чагымдарды токтотууга чакырды.

Украин бийлиги Михаил Саакашвили мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине жана каршылык акциялары үчүн Януковичтин Орусияга качкан өнөктөшү, бизнесмен Сергей Курченкодон 500 миң доллар алууга айыптоодо.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий