• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Шайлоо-2020. Саат 10:00гө карата 236,9 миң шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Саат 10:00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 236 миң 921 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 10:00гө карата шайлоочулардын 6,72%ы добуш берди.

"Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген", - деди ал.

Кыргызстанда бүгүн саат 08:00дө парламенттик шайлоо башталды. Парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган.

Шайлоого 16 саясий партия катышууда.

Пикир

Оставить комментарий