• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саат 10:00гө карата Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо 15 миң жаран добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 15 миң 59 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 3,53%ын түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Райондор боюнча алганда:

-Ленин районунда 4 миң 642 жаран добуш берди, ал шайлоочулардын 3,68%ын түзөт;

-Октябрь районунда 3 миң 706 жаран, 3,44%;

-Биринчи май районунда 3 миң 702 жаран, 3,97%;

-Свердлов районунда 3 миң 900 жаран, 3,01%.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий