• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Шайлоо-2020. Саат 12:00гө карата 624 миң 598 шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Саат 12:00гө карата Кыргызстанда 624 миң 598 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 17,73%ын түзөт.

"Бишкек - 84 миң 106, Ош шаарында - 37 миң 860, Жалал-Абад облусунда - 125 миң 225, Ысык-Көл облусунда - 47 миң 971, Нарын облусунда - 32 миң 260, Ош облусунда - 120 миң 423, Баткен облусунда - 49 миң 609, Талас облусунда - 28 миң 130, Чүй облусунда - 99 миң 13 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий