• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саат 14:00гө карата дээрлик 1 миллионго жакын шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Саат 14:00гө карата Кыргызстанда 990 миң 492 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 14:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 28,11%ын түзөт.

"Бишкекте 136 миң 804, Ош шаарында - 63 миң 415, Жалал-Абад облусунда - 194 миң 447, Ысык-Көл облусунда 74 миң 5, Нарын облусунда - 51 миң 77, Ош облусунда - 194 миң 210, Баткен облусунда - 75 миң 82, Талас облусунда - 44 миң 486, Чүй 156 миң 966 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий