• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саат 14:00гө карата Биринчи май округунан 9,4 миң, Свердлов округунан 16,3 миң адам тандоосун жасады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин эки округунан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого канча адам катышканы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Саат 14:00гө карата №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан шайлоого 25 миң 823 адам же жалпы шайлоочулардын 11,76 пайызы катышты.

Анын ичинен №27 Биринчи май округунда 9 миң 469 (8,39%) адам, №29 Свердлов округунда 16 миң 354 адам (15,35%) добуш берди.

Пикир

Оставить комментарий