• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Саат 14:00гө карата Бишкекте 55 миң 503 шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 11-июль, саат 14:00гө карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо 55 миң 503 адам добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 13,01%ын түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.

Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

  • Ленин районунда 17 миң 199 жаран шайлоого катышты (13,65%);
  • Октябрь районунда 12 миң 278 (11,41%);
  • Биринчи май районунда 12 миң 916 (13,86%);
  • Свердлов районунда 13 миң 110 (13,12%).

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий