• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саат 14:00гө карата депутаттарды шайлоого 20,33% шайлоочу катышты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 14:00гө карата жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого 674 миң 419 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жалпы шайлоочулардын 20,33%ын түзөт.

“Шаардык кеңештерге 200 миң 367, айылдык кеңештерге 474 миң 52 шайлоочу тандоосун кылды”, - деп айтылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий