• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Саат 16:00гө карата Бишкектин эки округунан шайлоого 33 миң 812 адам катышты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин эки округунан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого канча адам катышканы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Саат 16:00гө карата №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан шайлоого 33 миң 812 адам же жалпы шайлоочулардын 15,39 пайызы катышты.

Анын ичинен №27 Биринчи май округунда 12 миң 610 (11,15%) адам, №29 Свердлов округунда 21 миң 202 адам (19,90%) добуш берди.

Пикир

Оставить комментарий