• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Саат 17:00гө карата чет өлкөлөрдө 5 миң 604 кыргызстандык добуш берди - ТИМ

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 17:00гө карата чет өлкөлөрдө 5 миң 604 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, саат 17:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 17,18 пайызын түзөт. "Азыркы учурда 28 өлкөдөгү 45 шайлоо тилкесинин бирөөсү гана ачыла элек. Вашингтондогу шайлоо тилкеси убакыттын айырмачылыгына байланыштуу бир сааттан кийин ачылат", - дейт ал.

Ал эми саат 16:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 296 миң 978 шайлоочу добуш берди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий