• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Саат 18:00гө карата 1 млн 180,5 миң жаран президенттик шайлоого катышты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 33,13%ы президенттик шайлоодо добушун берди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоодо 1 млн 180 миң 515 жаран өз тандоосун кылышты.

Аймактар боюнча алганда Бишкекте 132 миң 582, Ош шаарында 55 миң 987, Жалал-Абад облусунда 224 миң 259, Ысык-Көл облусунда 120 миң 665, Нарын облусунда 73 миң 501, Ош облусунда 245 миң 566, Талас облусунда 49 миң 420, Чүй облусунда 167 миң 443, Баткен облусунда 101 миң 223 жана чет өлкөлөрдө 9 миң 869 жаран добуш берди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 адам добушун бере алат.

Пикир

Оставить комментарий