• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саат 22:00гө карата Бишкекте “Эмгек”, Ошто “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы алдыга чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Үкөктөрдөгү добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешке 4 партия өтүүдө. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңешке ат салышкан партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосун өтүшү керек.

Учурда Бишкекте 7 пайыздык босогону 6 партия ашып өттү:

- “Эмгек” партиясы - 14%;

- “Ак бата” партиясы - 12,10%;

- “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" - 10,52%;

- “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы - 9,66%;

- “Ынтымак” партиясы - 8,34%;

- “ Биздин эл” партиясына - 7,78% добуш берилген.

Ошто 4 партия алдыда келе жатат:

- “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы - 48,65%;

- “Улуттар биримдиги элдик партиясы” - 17,57%;

- “Ыйман нуру” партиясы - 8,06%

- "Ынтымак" партиясына - 7, 18% добуш берилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда саат 20:00дө шайлоо аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий