• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сабактар телеканалдардан көрсөтүлгөн соң гана министрликтин порталына жүктөлөт – Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Бүгүндөн тарта мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн IV чейректин сабактары дистанттык түрдө башталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүндөн тарта “Баластан” КТР каналында мектепке чейинки курактагы бөбөктөр үчүн тарбия берүүчү, өнүктүрүүчү видеоматериалдар, ошондой эле мектепке даярданып жаткан бөбөктөр үчүн да ушул эле каналдан өнүктүрүүчү видеоматериалдар көрсөтүлө баштады. “Ал эми 1-4-класттар үчүн предметтик билим берүү стандарттарынын алкагындагы материалдар, жаңы материалдарды гана камтыган видеосабактар да "Баластан" каналында көрсөтүлүүдө. 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн жаңы материалды гана камтыган видеосабактар “Илим Билим” ЭлТР жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилип жатат”, - деп кошумчалады ал.

Министрдин орун басары баса белгилегендей, сабактар телеканалдардан көрсөтүлгөндөн соң гана oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Ал жакка жүктөлгөндөн кийин “МЕГА 24” тиркемесинен да көрүүгө болот. “Ошондой эле телеканалдар видеоматериалдарды өзүлөрүнүн “You Tube” каналдарына жүктөйт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, кайтарым байланыш Zoom, WhatsApp, Google classroom сыяктуу каражаттар менен ишке ашып жатат.

Пикир

Оставить комментарий