• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сабаттуулукка багытталган бир айлык жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Кыргыз элинин алгачкы агартуучулардын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык жарыялайт.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан кабарлашкандай, бир айлыкка республика боюнча бардык мамлекеттик-муниципалдык мекемелер, ишкана-уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү мекемелери жана башка каалоочулар катыша алат.

Бир айлык залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурасын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо максатында уюштурулуп жатат.

Бир айлык 2020-жылдын 21-декабрынан 2021-жылдын 21-январына чейин жүрүп, онлайн жана офлайн түрүндө ар кандай багыттагы илимий, интеллектуалдык, маданий ж.б. иш-чараларды өткөрүүгө болот.

Бир айлыктын алкагында жүргүзүлгөн иштерде сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулат.

Толук маалыматты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтынан, Фейсбук баракчасынан жана “Кыргыз тили” гезитинен алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий