• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сабиров: Ар бир жаран кайда иштеп жана кайда жашай тургандыгын алдын-ала билиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Ош шаарында өлкө аймактарынын экономикалык өнүгүү маселеси боюнча кезектеги көчмө кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик органдар жана муниципалдык бийлик органдары астында кыска мөөнөттө калкттуу пункттардагы аймактарды зоналаштыруу жана райондоштурууну жүргүзүү милдети коюлган.

«Жарандарыбыз кайда иштеп жана кайда жашай тургандыгын алдын-ала билиши керек. Жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттик органдар жана донордук уюмдар менен биргеликте Ош облусунун пилотунун мисалында аймактарды өнүктүрүү багыттарын аныктоосу зарыл», - деп билдирди Равшанбек Сабиров.

Кеңешменин жүрүшүндө КР өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилери аймактарды зоналаштыруу жана пландаштыруу, өндүрүштү жайгаштыруу тартиби жана шарттары тууралуу бетачарларын сунуштады.

«Министрлик жан ведомстволордун өнүктүрүү боюнча бардык программалары белгилүү аймакта топтоштурулат. Алар кайсыдыр бир шаардын өндүрүш зонасынын аныкталган аянтчасына фабрика же завод ишканасы болуп жайгашат. Аларга энергия, коммуникация, жолдорду тартып даярдап, толук өндүрүштүк инфраструктурасын түзүп беришибиз керек.

Ошондо инвестролорго шарт түздүк десе болот», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Көчмө кеңешменин жыйынтыгы боюнча Равшан Сабиров кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жана бир айлык мөөнөттө алга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча план киргизүүнү тапшырды.

Кеңешмеге КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, мамлекеттик орган жетекчилери, Ош облусун шаарларынын мэрлери, өнүктүрүү боюнча өнөктөш-уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий