• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сабиров: Кыргызстанда инвесторлор жана ишкерлер үчүн бардык шарттар бар

Экономика 0

Бишкек, 01.06.22 /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдаллы бин Таук Аль-Марри жана Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдуллы М.Аль-Мазруинин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында Бишкекте кыргыз-эмират бизнес-форуму өтүп жатат.

Иш-чарага БАЭ менен Кыргызстандын авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай жаатындагы алдыңкы компаниялары катышууда. Келген делегациянын курамына экономиканын бардык тармактарында иш алып барган БАЭнин ири компаниялары кирди. Mazdar, Wizz Air Abu Dhabi, Foody World Foodstuff Trading, Corodex Industries, United Food Company, Royal Startegic Partners жана башка ири компанияларды өзгөчө белгилей кетүү зарыл.

КР президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстанда инвесторлор жана ишкерлер үчун бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Улуттук агенттик мындай байланыштарга өзгөчө көңүл бурат. Бүгүн биздин өз ара мамилелерибизди талкуулоого жаңы мүмкүнчулүк болот. Мындай иш-чаралар мамилелерди кеңейтүүгө түрткү берет. Кыргызстан Азиянын жүрөгү болуп саналат. Бул өлкө ыңгайлуу жайгашуусу, жибек жолу, дүйнөнүн 68 өлкөсүнө визасыз режими менен чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Азыркы учурда КР инвестиция үчун жагымдуу шарт түзүүгө артыкчылык берүүдө”, - деди ал.

Ошондой эле ал буга чейин президент азыркы инвесторлорду коргоо жана жаңыларын тартууну көздөгөн мыйзам долбооруна кол койгонун кошумчалады. Ошондой эле мамлекет башчысы тарабынан ишкердик жана инвестиция үчун бардык шарттарды түзүүгө жол ачкан бир катар жарлыктарга колк оюлган. Кыргызстан ири инвестициялык мүмкүнчүлүккө ээ.

“Биз БАЭге эт, экологиялык таза жашылчаларды-жемиштерди, бал жана башкаларды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө даярбыз. Мындан тышкары, мамлекет таза ичүүчү сууга ээ. Кыргызстанда 10 млн доллардан ашык салым кошкон инвесторлор үчүн инвестор макамын берүү каралган”, - деди Сабиров.

Пикир

Оставить комментарий