• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сабиров: Лабораторияларды өнүктүрүү айыл чарба продукцияларын тоскоолдуксуз экспорттоону шарттайт

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Ата мекендик лабораторияларды өнүктүрүү, заманбап жабдуулар менен камсыздоо айыл чарба продукцияларынын сапатын гана жогорулатпастан, аларды тоскоолдуксуз экспорттоону шарттайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барган учурда билдирди.

Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору улуттук макамга ээ. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришинин алкагында Россия Федерациясы тарабынан жабдууларды сатып алууга финансы каражаттары бөлүнгөн. Борбордогу вирусологиялык, серологиялык, химиялык-токсикологиялык бөлүмдөрдө мал ылаңы аныкталат жана алардан алынган продукцияга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүлөт. Ушундай эле улуттук макамга ээ Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору Ош шаарында дагы бар.

Жалпысынан өлкөдө 19 лаборатория бар. Алардын экөө улуттук макамга ээ, 4 зоналык жана 13 аймактык ветеринардык лаборатория.

Ошондой эле вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лабораториясынын иши менен таанышты.

КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Макулдашууга ылайык, Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лабораториясынын капиталдык оңдоого жана лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылынган.

Карантиндик фитосанитардык экспертизанын негизги максаты - карантинге алынган зыяндуу организмдерди жана жөнгө салынуучу карантинге алынбаган зыяндуу организмдерин табуу жана идентификациялоо. Айыл чарба өсүмдүктөдүн заманбап технологиялык негизде эл аралык талаптарга ылайык лабраториялык текшерүүдөн өткөрүп, фитосанитардык абалын аныктайт жана ата мекендик айыл чарба продукцияларын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатын көздөйт.

«Мындай заманбап жабдуулар менен камсыздалган лабораториялар ар бир облуста болуш керек. Республиканын аймактарындагы элдин басымдуу бөлүгү мал багып, жер иштет. Ошондуктан дыйкандар менен фермерлер продукциясын экспортко чыгаруусуна кенен мүмкүнчүлүк түзүү үчүн алардын ишин жакшыртып, эл аралык ченемдерге жооп бергендей деңгээлге жеткирүү боюнча аракеттерди көрүү зарыл. Муну менен катар аймактардагы лабораторияларды аккредитациядан өткөрүү иштерин тездетүү керек», - деди Равшанбек Сабиров.

Ошондой эле вице-премьер-министр Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык мониторинг бөлүмүнүн иши менен таанышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул бөлүмдө айлана-чөйрөнүн булганышына мониторинг жүргүзүлөт. Кайрылуулардын жана өндүрүш ишканаларынын арыздарынын негизинде топурактын, суунун жана абага изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Вице-премьер-министр кызматкерлерди окутууну байма-бай уюштуруп турууну жана аймактардагы лабораторияларды аккредитациядан өткөрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий