• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сабиров: Санариптештирүү жарандардын жашоосун түп-тамырынан бери жакшы жакка өзгөртөт

Өкмөт 0

Бишкек, 25.12.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров видеоконференция режиминде санариптик трансформация боюнча республикалык координациялык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйында 2020-жылга карата санариптештирүү жаатында мамлекеттик, муниципалдык жана борбордук бийлик органдарынын иш-аракеттеринин жыйынтыктары, ошондой эле санариптик өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин иш-чараларын жүзөгө ашыруу жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасынын» алкагында коюлган тапшырмаларды мамлекеттик бийлик органдарынын аткаруусунун көрсөткүчтөрүн камтыган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин отчетун укту.

«Санариптештирүү жарандардын жашоосун түп-тамырынан бери жакшы жакка өзгөртөт. Күчөтүлгөн тартипте иштөөнү уланта беришибиз керек. Белгиленген иш-чараларды аяктоо менен чектелбестен, жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча иш алып баруу зарыл», - деди вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров.


Вице-премьер-министр 2021-жылга интерактивдүү кызматтардын спектрин кеңейтүү, ошондой эле активдүү мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде Көлөмдүү маалыматтар (Big Data) аналитикасын көрсөтүүнү баштоо милдетин койду.


Мындан тышкары аймактарда интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу жана министрликтер менен ведомстволордун долбоорлоруна финансылык колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий