• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сабиров: Токой экосистемасын сактоо - ар бир жарандын милдети

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.20./Кабар/. Табигый байлыктарды жана токой экосистемасын сактоо, ар бир жарандын милдети болуп эсептелет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин токой чарбаларына көп функционалдуу өрт өчүрүүчү чакан комплекстерди тапшыруу иш-чарасында билдирди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 28 токой чарбасына берилген техникалар донорлордун колдоосу менен алынды. Ушундай эле техника 2019-жылы 13 токой чарбасына таратылган.

Вице-премьер-министр белгилегендей, токой байлыктарын сактоодо көп функционалдуу өрт өчүрүүчү чакан комплекстердин ролу чоң.

«Мамлекеттик бюджеттин тартыш экендигине карабастан, токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш парктарында көчөттөр отургузулууда. Аларды сактоо жана коргоодо бул техникалардын мааниси чоң. Көп функционалдуу өрт өчүрүүчү чакан комплекстердин жардамы менен токой кызматкерлеринин көчөт өстүрүү, зыянкечтер менен өрткө каршы күрөшүү боюнча иш-чараларын өз убагында өткөрүүнү шарттай. Ошондой эле мамлекеттик токой фондунун аймагына көзөмөл жүргүзүүгө жана мыйзамсыз аңчылыкка ыкчам жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берет» - деди Равшанбек Сабиров.

Белгилей кетүүчү жагдай, көп функционалдуу өрт өчүрүүчү чакан комплекстер пандемияда айыл жана шаарлардын көчөлөрүн, имараттарды дезинфекциялоого дагы колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий