• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сабиз жана картошканы экспорттоого тыюу салынат — Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Кыргызстандан сабиз жана картошканы экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигиндеги жыйында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, экспортко тыюу салуу кийинки жума башталып, сентябрь айына чейин созулушу мүмкүн.

“Жаңы түшүмдү алганга чейин экспортко тыюу салынышы мүмкүн. Аба ырайынын өзгөрүшүнөн түшүмдү жыйноо жылып кетти”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий