• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанченган шаарынын медициналык өнүгүү боюнча кеңешчиси болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жана РФ Илимдер академиясынын академиги Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанченган шаарынын мэринин медициналык өнүгүүсү боюнча кеңешчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Жумабеков 4-12-январь күндөрү Кытайда иш сапары менен болгон.

Иш сапардын алкагында Жумабеков РФ Илимдер академиясынын академиги Николай Загородний менен бирге Кытайдын алдыңкы клиникаларынын адистерине травматология жана ортопедиядагы жаңычыл технологиялар боюнча лекция окушкан. Фанченган шаарында университеттик клиникасында С.Жумабеков тизе муунунун патологиясы боюнча мастер-класс өткөргөн.

"Фанченган шаарынын мэри академик С.Жумабековду медициналык өнүгүү боюнча кеңешчи, ал эми шаардын элдик өкмөтү Биринчи шаардык ооруканасынын травматология жана ортопедия боюнча башкы адиси кылып дайындады", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий