• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сабырдуу Конор! Макгрегор менен Серроненин көз караштар таймашы видеодо

Спорт 0


Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 246 мелдешинин алдында маалымат жыйын болуп өттү. Алдыдагы мелдештин негизги беттеши ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дональд Серроне болорун Чемпионат басылмасы жазат.

Маалымат жыйындан кийин эки мушкер көз караштар таймашын өткөрдү. Бул жолкуда Макгрегор өзүн сабырдуу алып жүргөнүн видеодон көрүүгө болот.

Макгрегор менен Серроненин беттеши 19-январда Лас-Вегас шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дө башталаары күтүлүүдө.

Ирландиялык мушкер 2018-жылы октябрь айында россиялык Хабиб Нурмагомедовго жеңилгенден бери октагонго чыга элек. Ал эми Серроне 2019-жылдын сентябрь айында Жастин Гейджиге утулуп калган.

Белгилей кетсек, Макгрегордун куржунунда 21 жеңиш, 4 жеңилүү болсо, Серронеде 35 утуш, 13 жеңилүү бар.

Пикир

Оставить комментарий