• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садовое айылдык кеңешинин депутаты: myktyaimak.gov.kg порталы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө зарыл болуп саналат

Коом 0

Чүй областынын Москва районунун Садовое айылдык кеңешинин эки чакырылышындагы депутат Асадова Анара Карыпбаевна өзүнүн www.myktyaimak.gov.kg порталынын кызматтарынан пайдалануудагы тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал Порталга өткөн жылы катталган жана ошондон бери бул ресурс ал үчүн эч нерсеге алмашкыс жардамчы болуп саналат. Баарынан дагы ал белгилеп кеткендей, аны башка айыл аймактарынын жетишкендиктери, тагыраак айтканда алардын тигил же бул тармактагы маселелерди чечүү ыкмалары кызыктырат. Ошону менен бирге Анара Асадова ал аял депутат болсо дагы, социалдык блокко эле дээрлик басым жасабай тургандыгын баса белгилейт. Дыйкан (фермердик) чарбанын жетекчиси болуу менен ал ошондой эле өзүнүн муниципалитетиндеги айыл чарбаны жана инфраструктураны өнүктүрүүгө аракеттенет. Анын ушул тармактардагы ишинде, жергиликтүү маанидеги консультацияларды жана суроолорго жоопторду алууга боло турган анын туруктуу маалыматтык булагы ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар порталы - электрондук ресурсу болуп саналат.

Депутат аны жакында эле коңшу айыл аймагынын тажрыйбасы кандай жагымдуу таң калтыргандыгын айтып берди. “Айрым маселелер дайыма эле ЖӨБ органдарына жана бизге, депутаттарга чейин жете бербейт, анткени биз округдарга бөлүнөбүз, ал эми Александровка айыл аймагында жашоочулар көчө башчысын шайлап, WhatsApp мессенджеринде ошол көчөгө бекитилген депутатты кошуп топ түзүшкөн, алар ошентип биргелешип бардык маселелерди жана көйгөйлөрдү чечишет. Көчө башчысы аркылуу бардык маалымат жетип турат. Мен өз кезегимде биздин жергиликтүү жаштарга тигил же бул маселелерди ыкчам жана биргеликте чечүү үчүн өзүбүздө ушуга окшош тажрыйбаны колдонууну сунуштадым», - дейт Асадова.

Ал ушул Порталда өткөрүлүп жаткан конкурска катышуу үчүн тажрыйба формасын толтуруп жана “Мыкты тажрыйбалар” бөлүмүнө жарыялоо менен өзүнүн айыл чарбасы тармагындагы ийгиликтүү тажрыйбасы менен сөзсүз бөлүшө тургандыгын кошумчалады.

Депутаттын пикиринде, myktyaimak.gov.kg порталынын дагы бир жакшы жагы, депутаттар, ЖӨБ кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттын башка өкүлдөрү үчүн бардык пайдалуу жана керектүү маалымат бир булакка топтолгондугу болуп саналат, бул абдан ыңгайлуу жана убакытты кыйла үнөмдөйт.

«Бул порталдан бардык керектүү маалыматты табууга болот: документтердин үлгүлөрүн дагы, ар кандай маселелерди чечүүнүн ыкмаларын дагы, ошондой эле адистердин квалификациялуу кеп-кеңештерин алууга, окутуудан өтүүгө жана башка көп нерселерди алса болот. Кеңеш берүү кызматы өзгөчө актуалдуу деп эсептеймин. Анткени азыр жергиликтүү кеңештерге өзүнүн функционалдык милдеттемелерин билбеген көптөгөн жаңы депутаттар келишти. Ал эми Порталдагы кеңеш берүү кызматы аркылуу алар өздөрүнүн бардык суроолоруна жооп ала алышат», - деп баяндайт Асадова.

Эл өкүлү ошондой эле бул платформа депутаттар жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери үчүн эле эмес, ошондой эле жөнөкөй жарандар үчүн дагы пайдалуу экендигин белгиледи. Адамдарга өздөрүнүн суроолоруна жооп алуу үчүн муниципалитеттерге баруунун кереги жок. Анын үстүнө алар кесипкөй жооп алаары жана ага канааттана тургандыгы анык эмес. Ал эми сайтта суроону түз берүү аркылуу алар квалификациялуу жана тез жооп ала тургандыгына ишенимдүү боло алышат.

Ошондуктан Анара Асадова бөлүшкөндөй, ал өзүнүн кесиптештерине ушул порталга катталууга, ал аркылуу башкалар менен өз тажрыйбалары жана алган сабактары менен алмашууга, онлайн-тренингдерге жана семинарларга катышууга, бул ресурстун бүтүндөй потенциалын эффективдүү иштөө жана өздөрүнүн айыл аймактарына жакшы жаңылыктарды киргизүү үчүн пайдаланууга кеңеш берген.

Маалымат үчүн: www.myktyaimak.gov.kg порталы – бул жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн эффективдүү жана жеткиликтүү тажрыйбалары жайгаштырылган платформа. Ал ошондой эле муниципалдык документтердин, ченемдик укуктук актылардын үлгүлөрүн жана формаларын, гранттык жардам жана ЖӨБ тармагындагы өнүктүрүү долбоорлору тууралуу маалыматтарды жана башка көп нерселерди камтыйт. Ресурста чебер-класстар, мыкты тажрыйбага конкурстар өткөрүлөт, ошондой эле кеп-кеңештерди алууга жана өзүнүн кесиптештери менен тажрыйба алмашууга болот.

ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар порталы – муниципалдык башкаруудагы жеке жардамчы

Пикир

Оставить комментарий