• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектеги Садыбакасов көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. 29-сентябрдан тарта Бишкектеги Садыбакасов көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Эр-Тайлак көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачык. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тилкелүү жолдун узундугу 1,7 чакырым, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына 1,5 метрлик тротуарлар жана сугат арыктар салынды.

Белгилей кетсек, жол куруу иштери бүткөрүлгөнүнө карабастан, бардык кемчиликтер биротоло жоюлмайынча, кабыл алуу актысы кабыл алынбайт. Жолдордун сапаты мамлекеттик стандартка шайкештиги дыкаттык менен текшерилгенден кийин гана 3 жылдык кепилдик менен бүтүрүү актысы түзүлөт.

Үч жылдын ичинде подряддык уюм өз каражатына жолду оңдоп берет. Иштерди подрядчы – «China Road and Bridge Corporation» компаниясы Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» фаза-2 долбоорунун эсебинен жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий