• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садык Шер-Нияз Анкарада өтүп жаткан ТүркПАнын тармактык комиссиясынын отурумуна төрагалык кылууда

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) тармактык комиссиясынын отурумуна төрагалык кылууда. Отурумга Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Өзбекстан мамлекеттеринин парламент депутаттары жана маданият өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйын алкагында кино тармагында жасалып жаткан иштерди талкуулоо менен биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери көтөрүлмөкчү. Ошондой эле кино жана анимация тартуу багытындагы моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу мерчемделген.

Жыйынга төрагалык кылган депутат Садык Шер-Нияз бул жолугушуу Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтыгын арттырууга гана өбөлгө болбостон, маданий өкүлдөрдүн ортосундагы байланышты да кеңейтүүгө көмөкчү болорун кошумчалады.

“Бул отурумга кино жаратуучулардын да катышып жаткандыгы жакшы көрүнүш. Анткени, биз иштеп чыга турган моделдик мыйзам алардын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тиешелүү”, – деген депутат Садык Шер-Нияз кызыкдар тараптардын пикири өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий