• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садык Шер-Нияз Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз төрагалык кылган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөлөрү Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда ТүркПА алкагындагы кызматташтыктын келечеги талкууланып, анын ичинен кинематография багытындагы моделдик мыйзамдарды кабыл алуу маселелери тууралуу сөз болду. Комиссия мүчөлөрү аталган моделдик мыйзамдын маанилүүлүгүнө токтолушуп, кинематография тармагына инвестиция тартуу жаатында да пикирлерин билдиришти.

Өз кезегинде Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп ТүркПАнын тармактык комиссиясынын ишине жогору баасын берип, аталган моделдик мыйзамды кабыл алуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеп кылды.

Ошондой эле жолугушуу соңунда төрага Мустафа Шентоп Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Ниязды Түркия парламентинин 100 жылдыгына байланыштуу өткөрүлө турган салтанаттуу аземге чакырды.

Пикир

Оставить комментарий