• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садык Шер-Нияз ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагалыгына шайланды

Саясат 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Түркия Республикасынын Измир шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын 8-пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияз ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагалыгына кайрадан шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Түркиянын Измир шаарында 20-21-ноябрь күндөрү ТүркПАнын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата маарекелик иш-чаралар жана Ассамблея Кеӊешинин отуруму менен 8-пленардык жыйыны өттү.

Эскерте кетсек, 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылары тарабынан кол коюлган Макулдашууга ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.

Пикир

Оставить комментарий