• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров 19-20-апрелде расмий сапар менен Азербайжанга барат

Президент 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдиргендигин президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Алдыдагы сапарынын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго койуунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалууда.

Мындан тышкары, азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып, анын жүрүшүндө Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.

Сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында өтөт.

Бир катар документтерге, атап айтканда, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга, Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча Меморандумга, ошондой эле мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.

Жээнбек Кулубаев алдыдагы сапар эки өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий