• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров 2-3-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барат

Президент 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз», — деп белгиледи Дастан Дюшекеев.

Алдыдагы иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулайт.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Мындан сырткары, сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.

Пикир

Оставить комментарий