• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров №47 абакка которулду – ЖАМК

Коом 0

Бишкек, 2-апрель /Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде саат 5:00до СИЗО-1деги (Бишкек шаары) тергөө учурунда камакка алынган Садыр Жапаровдун камерасына мекеменин медиктери чакырылган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө фельдшер Жапаровдун моюнунан жана сол колунан кесилген жаракаттарды тапка жана ага дароо зарыл жардам көрсөтүлгөн. Өзүн-өзү кесүү фактысы СИЗО-1дин медициналык журналына катталган.

Эртең менен саат 7 де С.Жапаров №47 абактын борбордук ооруканасына жеткирилип, операция жасалган. Азыркы учурда өзүнчө палатада хирургия бөлүмүндө жатат. Анын абалы канааттандырарлык, кан басымы ордунда.

№47 абакка С.Жапаровго атайын прокуратуранын жана омбудсмендин өкүлдөрү келишти. Алар менен сүйлөшүүдө Жапаров СИЗО-1 жана №47 абактын кызматкерлерине, андан тышкары СИЗО-1 деги камералаштарына доосу жок экенин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий