• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров “Алтын балалык” реаблитациялык комплекстин ачылышына катышты

Аймак 0

Чолпон-Ата, 01.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” медико-реаблитациялык комплекстин оңдоодон кийинки ачылышына катышты.

“Бүгүн биз дагы бир жакшы саамалыкка күбө болуп турабыз. Сиздер барыңыздар билгендей эле 2021-жылы октябрда ушул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу боюнча кайрымдуулук марафону жарыяланган. Жыйынтыгында 30 млн 90 миң сом чогулуп, бул курулуш иштерин тездетүүгө шарт түздү. Республикалык бюджеттен бир тыйын дагы кеткен жок. Биз ден соолугу чың балдарды тарбиялашыбыз керек. Балдар – биздин келечегибиз”, - деди мамлекет башчысы салтанаттуу ачылышта.

Белгилей кетсек, иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР министрлер кабинетинин төрагачысынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, аталган борбордун кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү тургундар жана бейтаптар катышууда.

Долбоорго ылайык, комплекс 500 орунга ылайыкташкан жана 8 блоктон турат: аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, педиатриялык хирургия, функционалдык диагностика жана неврология.

Комплексте ошондой эле уктоочу блоктор, клиникалык лабораториялар, тамактануу бөлүмү, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томограф бар.

Комплекстин жалпы аянты 19,5 миң чарчы метрди түзөт. Бул комплекстин жайгашкан жери Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган.

Пикир

Оставить комментарий