• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришти

Президент 0


Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.

Жапаровдун кызматка киришүү аземи санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79,2% добуш менен жеңип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий