• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров: Ар бир мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу чек араны коргоодон башталат

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21 -октябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин техникаларды алышы менен куттуктап, жарандардын, өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттик чекараларды коргоо үчүн Куралдуу Күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Эгерде чек ара тынч болсо, ал коргоодо болсо анда жарандар тынч уктай алышат. Эгерде чек ара алсырап, чек арачылар керектүү материалдык-техникалык жактан камсыздалбаса, анда өлкөдөгү стабилдүүлүк жөнүндө айтууга болбойт. Ар бир мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу чек араны коргоодон башталат», - деп билдирди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн техникасына инвентаризация жүргүзүлгөнүн, жарактан чыккан техникалардын баары келерки жазда жаңыртыларын баса белгиледи.

«Бул жаңжалга даярдык эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярдык. 30 жылдын ичинде биз эч качан эч ким менен чыр-чатак баштаган эмеспиз, колубузда курал менен чет өлкөлүк аймактарды басып алган эмеспиз. Келечекте дагы мындай болбойт. Бирок, эгерде биздин аймактарды басып алуу аракеттери болсо, анда жооп катаал болот», - деп билдирди Садыр Жапаров. Ал Чек ара кызматынын гана эмес, КРнын Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин дагы материалдык-техникалык базасы жакшыртыларын кошумчалады.

Мамлекет башчысы акыркы 30 жыл аралыгындагы кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров кошумчалагандай, келерки жылы чек арачылардын айлык маянасын жогорулатуу пландалууда.

«Мамлекет аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыз кылууга милдеттенет. Сиздердин милдет - жарандарыбыздын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыз кылуу», - деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий