• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров Астанадагы бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат

Президент 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) (Астана ш.) бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Нет описания.

“Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат.

Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий