• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров Атамбаевдин иши боюнча: Эч кандай соодалашуу болгон жок

Президент 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кабарга" берген кезектеги маегинде мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ишине байланыштуу узатылган суроого жооп берди.

Президент октябрь окуялары боюнча акчалып чыккандар менен эч кандай соодалашуу болгон жоктугун жана бирөөнү дагы кабыл алган эместигин баса белгиледи.

"Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма “Соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго айткам “Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот” деп. Мындан ары мурдакыдай ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт", - деди президент.

Эске сала кетсек, 28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында акталды.

Ошондой эле кылмыштын курамы жок болгондуктан сот Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагынбаев, Темирлан Султанбеков жана Жеңиш Молдокматовду актады.

Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов үй камагына чыгарылды. Бирок Атамбаев башка иш боюнча айыпталып жаткандыктан абакта калат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда башаламандык орун алып, бир катар саясатчылар кармалган.

Пикир

Оставить комментарий