• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Азербайжандан келери менен эксклюзивдүү маек берерин билдирди

Президент 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анда Азербайжандан келери менен эксклюзивдүү маек берерин жазган.

"Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесиңерби туугандар?", - деп жазган президент.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы 19-20-апрелде Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапар менен барат.

Алдыдагы сапарынын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго койуунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий