• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, түрдүү тармактарда өз ара байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Ильхам Алиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага чың ден соолук, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ал тарыхый достуктун жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизделген өлкөлөрдүн биргелешкен кызматташтыгын жогору баалап, бул иште Илхам Алиевдин жеке чоң салымын баса белгиледи.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ал азербайжан тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий