• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Азия футбол конфедерациясынын президенти менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрахим Аль-Халифа менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана өлкөдө футболду мындан ары жайылтуу максатында натыйжалуу кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров АФК президентинин иш сапары жакшы жыйынтыктарды берип, кыргыз футболу жаңы деңгээлге чыгат деген ишенимин билдирди

Мамлекет башчысы Салман бин Ибрагим Аль Халифага Кыргызстандын Футбол федерациясынын демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, Азияда футбол динамикалуу өнүгүп жатканын жана буга АФК президентинин кошкон зор салымын белгиледи.

“Азия футбол конфедерациясы Азия континентинде жайгашкан мамлекеттеринин футбол федерацияларын бириктирүүчү күч, ал эми алардын ортосундагы кызматташуусунда көпүрө болуп эсептелинет”, - деген Садыр Жапаров, футбол Кыргызстанда да популярдуу спорттун түрүнө кирерин белгиледи.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы өлкөдө дүйнөлүк стандарттарга жооп берген көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу башталаарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы Кыргызстан футболдун 100 жылдыгын белгилеп, достук турнирин өткөргөнүн, андан кийин мындай мелдештерди жылына эки жолу өткөрүү адатка айланганын белгиледи. Өткөн аптада ушундай салтка айланган “Мурас” футбол мелдешин ийгиликтүү өткөрүлдү.

АФКнын президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа Кыргызстан менен кызматташуу мындан ары дагы тереңдейт деген ишенимин билдирип, футболго колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Ал Азия континентинде Кыргызстандын футболунун өнүгүшү жакшы мисал экенин баса белгиледи. “Акыркы жылдары кыргыз футболу жакшы өнүгүп жатат. Кыргызстандын командасы мыкты жыйынтыктарга жетишти”, - деди АФК президенти.

Салман бин Ибрагим Аль Халифа ошондой эле Садыр Жапаровго өлкөдөгү футболду өнүктүрүүдө жана Азия Кубогуна тандоо турниринин тайпалык раундунда матчтарды Кыргызстанда өткөрүүдө көрсөткөн жеке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий