• 79.5
  • 84.92
  • 1.34

Садыр Жапаров азык-түлүк коопсуздугу маселеси боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Президент 0

бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу маселесин кароонун жыйынтыгында бир катар тапшырмаларды берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Коопсуздук кеңешинин жыйынынын катышуучуларын көңүлүн төмөнкү маселелерге бурду:

«Мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө айтып жатып, экономиканын байкоого алынбаган сектору же жөнөкөй тил менен айтканда, көмүскө экономика өңдүү теманы белгилеп кетсем.

Азыркы учурда өлкөдөгү көмүскө экономиканын масштабдары олуттуу жана жогорку деңгээлде калууда.

Улуттук статистика комитетинин баа берүүсү боюнча байкоого алынбаган экономиканын ички дүң продукциясынын көлөмүндөгү үлүшү 2020-жылы ички дүң продукцияга 23,6% түзгөн жана 141,2 млрд сом өлчөмүндө түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын деңгээли дале жогору жана ИДПдан 30 дан 39%га чейин жетиши мүмкүн экендигин көрсөтүп турат.

Сиздер бул цифраларды ойлоп көрсөңүздөр, 141 миллиард сом, а балким андан да көп сумма көмүскө жүгүртүүдө болушу мүмкүн.

Экономиканын ушул көмүскө жүгүртүүсүнөн биз жыл сайын салыктык төлөмдөр түрүндө 25 миллиард сомдон ашык акча албай калуудабыз. 25 млрд сом.

Бул бюджеттин тартыштыгынан дээрлик эки эсеге көп.

Башкача айтканда, эгерде биз көмүскө экономиканын деңгээлин жок дегенде жарымына төмөндөтө алсак, биз дароо эле бюджеттин бардык тартыштыгын жабат элек.

Эгерде андан да көп кыскартсак, анда ал каражаттар мугалимдерге, дарыгерлерге эмгек акыларын жогорулатуу, калктын социалдык жактан аялуу катмарлары үчүн жөлөкпулдарды көбөйтүү үчүн булак болуп калмак.

Ошол эле учурда, көмүскө жүгүртүүдөн келип түшүүлөрдүн бөлүгүн биз тышкы карызды жабууга жумшайт элек.

Мисал катары, Кыргыз Республикасындагы алкоголдук продукциянын көмүскө жүгүртүлүшү боюнча маалыматтарды сиздерге айта кетсем.

2010-жылдан тартып легалдуу арак продукциясын өндүрүүнүн көлөмү дээрлик 4 эсеге, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллион 307 миң декалитрден 340 миң декалитрге чейин төмөндөгөн.

Бул бизде өтө аз ичип калгандык тууралуу айткан жок, ал алкоголдук тармактын көмүскөгө улам тереңдеп кирип жатканын күбөлөндүрүп турат.

Алкоголь тармагына болгон мамлекеттик контролго карабастан, адам факторунан улам, алкоголдук продукциянын «көмүскө» жүгүртүлүшүнүн үлүшү кынтыксыз өсүп жатат жана ага ар кандай баа берүүлөр боюнча 40 тан 80% га чейин жетет.

Ошол эле учурда 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында арак сатуу 3 миллион 436 миң декалитр деңгээлине жеткен.

Башкача айтканда, мыйзамсыз жүгүртүүдө арак продукциясынын дээрлик 3 миллион декалитри бар, бул болсо сатылуучу продукциянын бардык көлөмүнүн 86% дан жогоркусун түзөт.

Акциздик салыкты төлөөдөн четтөөдөн гана бюджеттин эсептик жоготуулары дээрлик 2,5 миллиард сомду түзгөн.

Ал эми тармактык Ассоциациянын маалыматтары боюнча бюджеттин жоготуулары андан да көп жана жыл сайын 3-4 миллиард сомго чейинкини түзөт.

Эгерде 2019-жылы бардыгы 139 миң бөтөлкө мыйзамсыз алкоголдук продукция тартылып алынса, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык бөтөлкө алынган.

Мына ушул цифранын бардыгы көмүскө бизнестин жүгүртүүсүндө канчалаган аябагандай көп акчалар бар экендигин жана мамлекеттик бюджет канчалаган акчаны толук албай жатканын ачык тастыктап турат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Акылбек Үсөнбековичтин төрагалыгы астында бизнести экономиканын көмүскө секторунан чыгаруу көйгөйүн чечүү боюнча ишти баштады.

Эл аралык тажрыйба көрсөтүп тургандай, экономиканын формалдуу эмес секторун көмүскөдөн чыгаруу салыктык режимдерди жөнөкөйлөтүү жана салыктык түйшүктү кыскартуу, бизнес чөйрөнү жакшыртуу жана коррупцияны жоюуга багытталган административдик реформаларды ишке ашыруу маселелерин чечүү аркылуу ишке ашырылат.

Мында бажы жана салык жол-жоболорун толук фискалдаштыруу олуттуу жардам көрсөтөт.

Ушуга байланыштуу, фискалдаштыруу процесси 2022-жылы толугу менен аякташын мен талап кылам. Акылбек Үсөнбекович, сиз муну толук көзөмөлгө алышыңыз керек.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өтө кыска мөөнөттөрдө экономиканын көмүскө секторунун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуусу зарыл.

Ал үчүн бизнеске ашыкча кысым көрсөтпөстөн, элдик керектөө товарларынын аткезчилиги (контрабандасы), контрафакт продукцияны ташып келүү жана жүгүртүү менен дагы күрөш жүргүзүлүүгө тийиш.

Абдан арзан сатылып жаткан, сапатсыз жасалма продукциянын жеткирүүчүлөрү жана контрабандисттер менен болгон атаандаштыкка ак ниеттүү ишкерлердин кимиси туруштук бере алат? Эч кимиси туруштук бере албайт?

Биз атаандаштыкты, бирок ак ниеттүү атаандаштыкты колдошубуз керек.

Ак ниеттүү атаандаштык экономиканын кыймылдаткычы жана бардык тармактагы прогресс болуп саналат.

Азыртадан баштап бизге мамлекеттик сектордогу башкаруунун бүтүндөй системасын түп тамырынан бери кайра карап чыгуу, улуттук экономиканын абалын турукташтыруу жана аны өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды чечүү, ошондой эле биздин жарандардын жашоо абалынын деңгээлин жана алардын реалдуу кирешелерин жогорулатуу үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл.

Белгилүү бир кадамдар жасалды.

Президенттин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу айрым министрликтердин, комитеттердин жана кызматтардын түзүмү оптималдаштырылды.

Биздин өлкөдө жаңы инвестициялык циклди ишке киргизүү үчүн азыртадан кошумча ыкчам жана кардиналдуу чараларды көрүшүбүз керек.

Инвестицилык кызыктырууну тынымсыз жогорулатып, инвестициялардын агымын жогорулатуу зарыл.

Айрыкча тоо-кен казуу тармагына, өнөр жайга, туризмге, айыл чарбасына, медициналык өндүрүшкө ж. б. инвестиция тартуу керек.

Алдыга коюлган маселелерге жетишүү үчүн министрлер кабинети, мен санап өткөн тапшырмалардан тышкары, төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

Биринчи.

Улуттук инвестициялык долбоорлорго, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду текшерүүлөргө 5 жылдык мөөнөткө убактылуу мораторий киргизүү.

Экинчи.

Райондор жана облустар боюнча инвестициялык картаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

Ар бир инвестор өлкөнүн тигил же бул регионуна инвестиция салуу керектигин, алардын бизнесин кайсы аймактарда өнүктүрүү пайдалуу боло турганын, бизнес мамлекеттин кандай колдоосуна таянууга укуктуу экендигин көрүп тургандай болушу керек.

Үчүнчү.

Биздин мамлекетти жана биздин потенциалды акырындап талкалап жаткан коррупция менен апелляциясыз согушту улантуу, анын ичинде чиновниктердин чыгышалары жана кирешелерине контролду күчөтүү.

Төртүнчү.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өркүндөтүү боюнча ишти активдештирүү жана күчөтүү зарыл.

Мен Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамына кол койдум.

Белгиленген бул мыйзам мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжалуу укуктук шарттарын жана МЖӨ субъекттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн кабыл алынган.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун ишке ашыруу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө гана эмес, биздин жарандар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле ишкерлердин инвестициялары мамлекеттин кепилдиктери менен толук корголот.

Экономиканын бардык тармактарында аны толук кандуу өнүктүрүү үчүн региондордогу мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн иши дагы маанилүү роль ойной турганын мен кошумча белгилеп кетсем.

Облустун, райондун, айыл аймагынын ар бир жетекчиси өзүнүн районуна же облусуна кантип тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, өндүрүштү жөнгө салуу жана жергиликтүү калк үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүү керектиги жөнүндө ойлонууга тийиш.

Ал үчүн биринчи кезекте облустардын жана райондордун жетекчилери тиешелүү шарттарды түзүшү керек, анын ичинде:

— ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону коргоо жана ага кепилдик берүү;

— инвесторлор менен мамлекеттик органдардын ортосунда, ошондой эле жергиликтүү калк менен келип чыгуучу чыр-чатактуу кырдаалдарды ыкчам түрдө чечүү;

— ири инвестициялык долбоорлор үчүн жер участкаларын жана зарыл болгон аймактарды берүүгө жардам көрсөтүү;

— инфраструктуралык объекттерге жана логистикалык транспорттук түйүндөргө ишкерлер жана инвесторлор үчүн тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

— жакын жайгашкан региондор менен соодалык өз ара мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө. Мына ушул иштерди жергиликтүү бийликтер, сиздер жүргүзүшүңүздөр керек.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Мен тараптан белгиленген, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорунда чагылдырылган сунуштар максималдуу натыйжалуу жана кыска мөөнөттөрдө аткарылууга тийиш.

Азыр биздин өлкөнүн жарандары гана эмес, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук дагы биз кантип ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кыла турганыбызды карап турат.

Биз бардыгыбыз жөнөкөй элдин, ошондой эле ишкерлердин жана инвесторлордун пикирин угууга милдеттүүбүз.

Биздин коомдун өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган, алардын ишинде келип чыккан көйгөйлөрүн ыкчам жана максималдуу тез чечишибиз керек.

Бардык мамлекеттик чиновниктер четте калбастан, өзүн элге жана Мекенге кызмат кылуу идеясына толугу менен арнашы керек.

Биздин өлкөнүн ар бир жараны татыктуу жашоо, татыктуу эмгек акыга, алдыңкы заманбап медицинага жана билим алууга укуктуу.

Биздин көптөгөн жарандарыбыз бийлик органдарына дээрлик ишенишпейт, мен аны түшүнөм, анткени өзүм ошол жолдон өткөм.

Бирок мен бардыгыбызды биригүүгө жана бекем болууга чакырам.

Өткөн жашоо менен эмес, азыркы жана келечектеги жашоону ойлоп жашайлы.

Эгер биз бириксек, Кыргызстаныбызды жана биздин экономикабызды көтөрө алабыз, мамлекеттик бийликке адамдардын ишенимин кайтара алабыз.

Ал үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы эмес, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы ишинин негизги максаты болууга тийиш.

Мен жакынкы эки-үч жылда бардыгын түп тамырынан бери өзгөртөрүбүзгө ишенем.

Биздин жарандар иш менен камсыз боло турганына жана ал үчүн татыктуу эмгек акы ала турганына ишенимдүү болушу үчүн экономиканын өнүгүүсүнө болгон мамилени түп тамырынан өзгөртөбүз.

Биз өлкөнүн экономикасын көтөрүп, биздин балдарыбыз жана келечек муундар үчүн биздин өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылабыз.

Ушуну менен мен өзүмдүн корутунду сөзүмдү аяктасам".

Пикир

Оставить комментарий