• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров бүгүн Бишкектеги бир катар объектилерди ачат

Президент 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы «Келечек» балдар реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат.

Борбор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого арналган.

Ошондой эле, президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачат.

Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

“Келечек” балдар реабилитациялык борборунун ачылышын түз чагылдыруу 14:00дө башталат.

ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы казармасынын ачылышы болжол менен 15.00дө.

Пикир

Оставить комментарий