• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров “Башкы” суу бөлүштүрүүчү жайды модернизациялоону тапшырды

Президент 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Башкы” суу бөлүштүрүүчү жайга барды.

Мамлекет башчысы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыкты.

Жыйынтыгында президент тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайдын техникалык абалын модернизациялоону тапшырды.

Садыр Жапаров “Бужум” полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий