• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров Баткенге барабыз деген жигиттерге кайрылды

Президент 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда президент Садыр Жапаров түз эфирде кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

“Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер”, - деди өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий