• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров: Билимдүү жаштар – биздин максатыбыз жана келечегибиз!

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. «Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес, адептүү, билимдүү, Мекенин сүйгөн жаштар — биздин максатыбыз жана келечегибиз!» — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн биринчи Элдик курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

«Жасалып жаткан иштер билим берүүнүн сапатын арттырууга болгон алгачкы кадамдар экенин эске алып, бүгүн Курултайда биздин өлкөнүн келечегин — жаштарды да талкуулашыбыз керек. Биз биргелешип жолдорду таап, жаш муундарыбызды тарбиялоодогу, билим берүүдөгү артыкчылыктарды аныкташыбыз керек. Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, адептүү, билимге сугарылган, Мекенин сүйгөн жаштар — биздин максатыбыз жана келечегибиз!

Бугүнкү күнү жаштарга болгон мамлекеттик мамилени түп-тамырынан тарта кайра карап чыгууну ойлонуштуруудабыз. „Жаштар — биздин келечегибиз“ деген сөздү көп айтабыз, бирок жаштарга туура багыт көрсөтүп, келечекке болгон көз карашын, мамлекеттик кызыкчылык, улуттук кызыкчылык дегенди айырмалай билүүсүн, коомду кабыл алуусун калыптандырууда, жаштарга камкордук көрүүдө кайдыгерлике жол берип коюп жатабыз.

Мындан ары маселенин ушул жагына терең маани берүү аракетин көрүүдөбүз. Сиздерден да ушул багыттагы ойлоруңуздарды ортого салууну суранат элем», — деди мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров бүгүнкү замандын реалдуулук шартында илимдин, техниканын жана инновациянын өнүгүү деңгээли коомдун өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат, деп белгиледи.

«Муну эске алуу менен мамлекет, биринчи кезекте, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга өзгөчө көңүл бурат.

Биз өлкөдө болгон инновациялык мүмкүнчүлүктөр өндүрүштүн керектөөлөрүнө дал келбесе, илим менен өндүрүштүн байланышынын үзүлүшүнө алып келерин унутпашыбыз кажет.

Бул өтө маанилүү жагдай!

Буга байланыштуу „Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлык чыккан. Муну менен өлкөнүн 5 университети кеңири уюштуруучулук, каржылык, академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө макамга ээ болушту. Эми ал университеттер инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айланат», — деди президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий