• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, өлкөдө аккредитацияда өткөн бир катар чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишеним грамоталарын Черногориянын элчиси Милорад Шчепанович, Молдавия Республикасынын элчиси Лилиан Дарий, Португал Республикасынын элчиси Мария Мадалена Лобу Карвалью Фишер, Гватемала Республикасынын элчиси Хайро Дэвид Эстрада Барриос, Никарауга Республикасынын элчиси Альба Асусена Торрес Мехия, Кипр Республикасынын элчиси Кипрос Йоргаллис жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын элчиси Фам Тхай Ньы Май тапшырды.

Чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардак кароол тосуп алды.

Президент Садыр Жапаров бардык элчилерди дипломатиялык миссияларынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан ар бир өлкө менен саясий диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты ырааттуу түрдө өнүктүрүп келерин белгиледи.

Мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, саясий диалогду активдештирүүгө, туристтик байланыштарды кеңейтүүгө жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда натыйжалуу иштерди жолго коюуга даяр экенин белгиледи.

Садыр Жапаров элчилердин элдердин ортосундагы мамилелерди чыңдоого, ошондой эле экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жана товар жүгүртүүнүн жыл сайын өсүшүнө дем берүүгө багытталган Кыргызстандагы натыйжалуу жана жемиштүү ишмердүүлүгүнө кызыкдар экенин билдирди.

Мамлекет башчысы дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен тең укуктуу, ачык жана конструктивдүү өнөктөштүктү өнүктүрүү Кыргызстандын башкы приоритети болуп кала берерин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров дипмиссия башчыларынын жигердүү жана максаттуу иши узак мөөнөттүү мамилелердин талаптарына жооп берген, бири-биринин кызыкчылыктарын өз ара урматтоого негизделген мамилелерди өнүктүрүүнү жактаган Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдаарына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде элчилер Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мамилелерди бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий