• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент: Бишкек мэриясы борборго автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Президент 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы борборго автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павлов айыл өкмөтүндөгү “Ак-Ордо-3” конушунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаңы автобустардын келиши менен конуштар кошумча маршруттук каттамдар менен камсыздалаары күтүлүп жаткандыгын айтты.

Андан тышкары, Садыр Жапаров президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мүрзө үчүн тилке бөлүп берүү маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле президент жергиликтүү жашоочулар билдирген конуштагы эки чакырым узундуктагы ички жолдун курулушу маселесин жеке көзөмөлүнө алды.

Белгилей кетсек, жолугушуу жүрүшүндө жергиликтүү тургундар мамлекет башчысынын көңүлүн дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө бурушту. Алсак, мисалы, алар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келишет, конушта мектеп, оорукана, бала бакчалар жок, ошондой эле жол жана көрүстөн маселелери курч.

Пикир

Оставить комментарий