• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Бишкектин мектеп окуучусуна китептерди белек кылды

Президент 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Бишкектин мектеп окуучусуна китептерди белек кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчынын атына № 8 орто мектептин 4-классынын окуучусу Арсен Мукаев кат жазды. Анда китепке кызыккан бала космос, динозаврлар, канаттуулар жана жаныбарлар тууралуу китептерди окууга болгон ынтызарлыгы тууралуу айтып берген.

Мектеп окуучусунун катын алгандан кийин Садыр Жапаров ага бир нече энциклопедиялык китептерди белекке берүүнү чечти.

Президенттин администрациясынын кызматкерлери баланын үйүнө барып, ага президенттин атынан энциклопедияларды тапшырышты.

Арсен Мукаев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бир нече жылдан бери президенттин администрациясына кат жолдоп келгенин, бирок ага бир гана Садыр Жапаров көңүл бурганын белгиледи. Ал китеп окуганды абдан жакшы көрөт жана дайыма китепканага барат.

Пикир

Оставить комментарий